толто1
- Кандын артка жүрүшүнө мүмкүндүк бербей турган жүрөктөгү капкакча.
- Бычактын сабы ашталган жерине кийгизилген металл алкак.
- диал. Чөбөгө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кароолчу чаап барыптыр, / Чынаача кабар алыптыр, / — Манасыңа барам, — деп, / Бооруна канжар малам, — деп, / Толтодон кармап жүрөгүн, / Кылдай сууруп алам, — деп, / Сызгырылтып майларын, / Жилигин отко жагам, — деп, / Алтын тагын коморуп, / Байсалды анан табам, — деп, / Камыны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокморун колго алганда, / Кайра айланган маалда, / Бакалоордун бези деп, / (Жыгылгандан туулгасы, / Ыргып кеткен башынан) / Неченди сайып маш болгон, / Он үч-он төрт жашынан, / Жандай түшүп муштады, / Тартып албай найзаны, / Эки имерип ыкшады, / Жүрөктүн толто канына, / Найзанын учун чыктады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ай, Куткарбас, дегинче, / Колундагы канжарды, / Малып алды өзүнө, / Толтосуна жеткире, / Сайып алды өзүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өпкөсү батпай көөдөнгө, / Толтосунда келатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өпкө, жүрөк толтодон, / Каны чыккан турбайбы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →