толкундуу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Толкун болуп жаткан, толкундаган, толкун көп болуучу.
  2. Белгилүү өлчөмдөгү физикалык толкуну бар.
  3. Толкундаган, көңүлү көтөрүңкү, шат көңүлдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канаты талып кургулар, / Тотукуш, күкүк бу да бар, / Канатуу келди Букарга, / Карахан келип дал болуп, / Бетинин каны жоголуп, / “Төлгөдөй айтсам кебимди, / Толкундуу деңиз келгенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Толкундуу үнү угулуп, / Осолдук кылсак өлдүк, деп, / Алике менен Сатике, / Заманасы куурулуп, / Кыйыктуу угуп кыйла кеп, / Күч келип кара жанына, / Тер акты бойдон чуурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп, / Жанында Токой баланы, / Толгонуп аны карады: / — Толкундуу Токой, эр элең, / Ат токурум сен элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →