толкунда
- Суу бети чайпалып, жал-жал болуп, өркөчтөнүп термелүү, толкун пайда болуу, толкуу.
- өт. Көңүл көтөрүлүү, эргүү, көңүл чалкыган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Конушбай толкундап, / Көбүргөндөн жабырып, / Оолуга сүйлөп бабырып, / Котчуларын жүрү, деп, / Кумтунуп кооп жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чачыкейге Канчоро, / «Толтойдун уулу хан Кыйаз, / Толкундаган эр — деген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Байкап угуп түп жайын: / “Он бештеги баланын, / Кесип башын алайын, / Толкундаган бейитти, / Тос топурак кылайын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →