толкун
- Толкундап, чайпалуудан пайда болгон суунун жалданып өркөчтөнгөн кыймылы.
- Ф изикалык чөйрөдөгү термелүү кыймылы.
- өт. Эпкин, илеп, күү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
өлүп, / Качырды Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сырттын желиндей, / Сайышаарга жоо болсо, / Чоңдугу төөнүн нарындай, / Толкуну көлдүн шарындай, / Жумуру баш айры төш, / Пендеде мындай табылбай, / Алгара минип болкойуп, / Темирден найза койкойуп, / Барча тоодой зоңкойуп, / Турган экен ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толкуну көлдүн шарындай, / Кеңдигин көрсөң Таластай, / Келбетин көрсөң Манастай, / Качырганы жолборстой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тогуз ай жатып бир тоодо, / Тор этине толуптур, / Күчү толкун болуптур, / Мен-мен деген дөөлөрдөн, / Ошо күнү Сомбилек, / Эки чаппай бирден чаап, / Жыйырма бирди сойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →