толку
- Жогору көтөрүлүү, ашып-ташуу, толкун болуу, толкундоо (мис., суу).
- өт. Көңүл көтөрүлүү, эргүү, көңүл чалкып кубануу, толкундоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтымыш уруу Алаш деп, / Айтылып келген бу элде, / Токсон уруу өзүбек, / Толкуган кыргыз дегенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Тоспосом жолун бекер, — деп, / Толкуган кыйан сел каптап, / Талоонго Талас кетер, — деп, / Талатып ийип Таласты, / Жоо сайышым кандай кеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рүп көкжал жаңжуңду, / Кудай берген байагы, / Кырк бир шерлик ачуу үндүү, / Арыстан Манас салыптыр, / Баатырдын үнү чыкканда, / Жаңырык тарап асманга, / Суулар толкуп чайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кара жерлер танабы, / Үзүлчүдөй баштанып, / Турган булут карарып, / Ар кайда кетип таралып, / Жер айрылып суу чыгып, / Топ…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айагына чыкканда, / Таң аткынча уктабай, / Жүрөгү толкуп атылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →