толгоо1

китептерде 18 жолу, 4 китепте
  1. Төрөт мезгилиндеги ичтин булчуңдары катуу жыйналып мезгил-мезгили менен ооруган абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ийинтип, / Жеңгетайга төө алып, / Тогуздап чиркеп мал алып, / Аз келди деп пул алып, / Той этин элге тартканда, / Кызды тууган катынга, / Карчыгасын көтөрүп, / Толгоо табак сизге, деп, / Уул энеси баруучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Кеткен экен саруулап, / Энелерден үмүт жок, / Күч келиптир ат минген, / Ушундай экен дүйнө бок, / Балдарын сак алалы, / Бул экөөнө айла жок,- / Каныкей айтып тап таамай, / Толгоону мыктап келтирчү, / Дарыдан берди айабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ого бетер чыйралды, / Кылжыкенин толгоосу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…эмес, / Келе бери алып кел, / Каным катып баратат, / Муну укканда тээ кирген, / Катындын баары кажылдап, / Үрөөнөк иттей ажылдап: / — Чүрөккө мурда сунгунуң, / Толгоонун бети курусун, / Кудай урган күң элек, / Билбейсин кылар жумушуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Толгоо кирип бир күнү, / Жана бир кыз төрөлдү, / Ак куунун кеби оролуу, / Туулган кызды көргөнү, / Ашып-шашып Кайыпчал, / Канчыкты карай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →