толго

китептерде 392 жолу, 10 китепте
  1. Буроо, кайруу, имерүү.
  2. Буралта чырмоо, сыртынан буралта чулгап, курчоо. Күч колдонуп, кандайдыр бир нерселер аркылуу кыйноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Найзага найза кагышты, / Кадимкидей бул экөө, / Бир беттешип жанышты, / Өтө берип толгонуп, / Жаан айланып салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буйдалбай пил жеткени, / Булгалап мурдун шилтеди, / Жазгыра берип чаптырбай, / Жандай түшүп эр Сыргак, / Чокуга койуп өттү эми, / Пил толгонуп болгунча, / Оролто тумшук сунгуча, / Онду койуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир күндөрү болгондо, / Көөнү эргип толгондо, / Орусхан кызы Гүлнарды / Ойуна алды ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →