тол

китептерде 190 жолу, 10 китепте
  1. Толтура болуу, бир нерсе менен толтурулуу, шыкалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…у аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “ – деп, / Басып Торгой чыгыптыр, / Көпчүлүктү мейли деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Менин сулуулугум көңүлүңө толбодубу, же беш бир тууганымдын баатырлыгы жакпадыбы? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →