токум
- Ээрдин астына токула турган токулга тердик.
- Бардык токулгасы менен бирге алынгандагы ээр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атка токум салдырып, / Оңдоп минип очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Тогуз кабат темир тон, / Кара бойго кийинип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Олтурарга орун жок, / Көчүк койор токум жок, / Керегеге сүйөнүп, / Туруп калды бир демге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Айрылып экөө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Түшүмдө көрдүм шумдукту, / Үйүңдөн чыкчу күн эмес, / Талаада калды токумуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болсо тартып алып, эрмектеп, ойноп жата беришчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →