токулуу
- Ээр токулган, токулгасы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оңдолгон ээри токулуу, / Ойротто жок шок Чубак, / Шыбыраша кетишти, / Акбалта уулу эр Чубак, / Аттардын башын бурушуп, / Айлана карап турушуп, / Имерип тиймек калмакка, / Кеңеши ушул болушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качкан эли чокулуу, / Телкүрөңгө токулуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…а калышты, / Айылга кирип барышты, / Тегеректеп бөрүдөй, / Тегиз тура калышты, / Үпү-дүпү түшүрүп, / Казанчы менен малчысын, / Булар сабап салышты, / Айчүрөккө токулуу ат, / Каныкейге жайдак ат, / Хан Бакайга жайдак төө, / Дайар кыла калышты, / Анда Чүрөк кеп айтат: / — Алыке менен Сатыке, / Келипсиң экөөң бу жерге, / Кордук …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Оогандан ону келиптир, / Токулуу тулпар бериптир, / Эрдемсиген Бакдөөлөт, / Жер тайанып жыгылып, / Ичинен жалын от күйөт, / Арданганы аттан чоң, / Айабай ачуу келиптир, / Кордонгону койдон чоң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →