токулга
- Атка токула турган ээр, тердик, желдик ж.б. жалпы жыйындысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он бешке жашым келгенче, / Токулганын көрбөпмүн, / Бул өңдөнүп Кула аттын, / Жоодурап бала турганда, / Кененим айтты балага: / — Кой, кулунум, сураба, / Мен барбаймын ыраакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттардын тыңын ылгатып, / Токулгасын чыңдатып, / Аттанмак болду үч күндө, / Турпанды көздөй жол тартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жыйналган ошол жүндөрдөн, / Токулган ушул чоң килем, / Артык эле кыйладан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →