току2

китептерде 54 жолу, 7 китепте току 1 →
  1. Эриш-аркак кылып жиптен кездеме, таар ж.б. материалдарды согуу, илиништирип мээлей, жоолук ж.б. согуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Конушбай жолду баштады, / Байкуш көзүн жаштады, / Ошондогу айтканы: / — Эки жылдын алдында, / Ээр токуду далыма, / Беш манжамды каптады, / Эп келтирип колума, / Теке мүйүз чаптады, / Минип алып камчылап, / Лахасага алып барды, / Айланайын жолборсум, / Ошондо жаным аз калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Койнундагы бутуна, / Баш уруп калмак сыйынып, / Темир ээр калмакча, / Атка чыңдап токутуп, / Бастырып чыкты лукуйуп, / Аркасында аскерге, / Барабанын урдуруп, / Бар аскер чыкты чубуруп, / Майданга келген Кененге, / Чойун алп келип чогулуп: / — Качантан бери сен бурут, / Таанылып элге эр болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак эки шер, / Сыр найзадай койкойгон, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Аттарын алып токутуп, / Дайарданып турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты Айчүрөк, / Сейитекке айтат кеп: / — Акжал менен Сүтбозду, / Чоң атаң менен энеңе, / Токутуп келгин белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Качкан элик чокулуу, / Тайбуурулга токуду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →