токту

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Козудан өтүп калган кой.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күздүн күнү болгондо, / Куйруктуу токту жедирбей, / Хан Акундун элине, / Кордукту кылды мамындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…/ Жакшы-жаман кеп кылбай, / Малымды алар бекендеп, / Кочкору менен соолугун, / Чаририк менен боругун, / Шаа мүйүздөн эркечин, / Эки тиште серкесин, / Койу жогу токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →