токтоосуз

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Тезинен, ошол замат, кечиктирбестен, дароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таласта жаткан кыргыздар, / Биз жактан кабар алганбы, / Сомбилек уулу Чигитей, / Токтоосуз келип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Торгойдун көрүп караанын, / Токтоосуз атка мингенге, / Өзүнчө болот чоң капа: / “Сырттан болсо ушул кыз, / Сырымды менин билер – деп, / Аз болгондо үч жылда, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Суумерген ичи ачынып, / Аты жөнүн сурабай, / Токтоосуз кирди кайра эле, / Саламатты качырып, / Сарыбайдын, Саламат, / Кетпейт андан ашыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тогуздан атка сүт артып, / Токтоосуз келет жылкычы, / Кирип-чыгып жатышат, / Үч үйдүн бирин ачышып, / Сүтүн куйуп сабаага, / Токтобой кайра кайтышып, / Келип турат артынан, / Дагы сүтүн артышып, / Күн бешимге толгондо, / Жылкысын койду агытып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну угуп Гүлнар кыз, / Жооп берди токтоосуз: / — Бир жылдын алды жагында, / Атамдын сайган багында, / Сейилдеп ойноп жүргөнмүн, / Ошондо сизди көргөнмүн, / Акунхандын кызы деп, / Ошол күнү билгемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →