токтон

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Сабыр кылуу, өзүн өзү токтотуп кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир-биринен сурашты, / Күмбөз деп бирөө айталбай, / Токтонуп айтып кеп салбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жүрөгү өлгөн Чиктей хан, / Токтонуп тура албады, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Качып жолго салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Караанды көрүп Чыйырды, / Эргип көөнү кош болуп, / Тура албай калды токтонуп, / Алдынан утур барыптыр, / Караса уулу Манасы, / Алдынан чыга калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Кашыкты кармап имерип, / Чоң жолборстун жүрөгүн, / Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, / Такыр жутуп жиберип, / Жумурткага калганда, / Эсине алып Арстанды, / Туруп калды токтонуп, / Энесинен ийменип, / Биле койуп Чыныке: / — Талгакка жеген тамагын, / Көрүп калса жат киши, / Канбай калат талгагы, / Ылдам жегин, кулунум, / Эмне кылып жата… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…н жыртып, / Ала качкан кызды издеп, / Аттанып чыкты Семетей, / Муну мындай койуңуз, / Ат эсебин алыңыз, / Калдуу кызыл жалдуу көк, / Тумарлуу кызыл Турнакөк, / Токтонбайдын Торала, / Токо бийдин Бозала, / Текечинин Темиркөк / Тердебеген Көкала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →