токтом
- Көпчүлүк кабыл алган чечим же өкмөттүн, чогулуш, жыйындын чечими.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Капчыгай кечип баратып, / Жан-жагына карады, / Токтомдуу көзгө көрүндү, / Бир жыгачтын карааны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качып келген Айжаңжүн, / Шаарын тартып биз алган, / Кошоматка Коңурга, / Кошуп берген жеримди, / Кошо берген элимди, / Качырып мени кетирген, / Тыйынга албай кебимди, / Бүгүн алып тунсун, деп, / Ошону берди Эсенхан, / Хан токтому бир экен, / Кайсынысын мен айтам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катарлап күлүк айдатып, / Он жети киши ат айдап, / Айалдабай катуу айдап, / Токтом болгон башында, / Он күндүк жерге алып бармак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Анжу, манжу, калмакка, / Ошондо токтом кылыптыр, / Үйүндө жаткан кытайга, / Золаң даек берерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →