токто
- Кыймыл-аракетти, алга жылууну үзүү, жүрбөй калуу, ордунан козголбоо, жылбоо, ишти жүргүзбөй, улантпай коюу.
- Бир жерге убактылуу байыр алып туруу, түнөө, конуу.
- Бир жерге токтолуу, чогулуп туруп калуу, орунтуктап калуу.
- Өлүп калбоо.
- Боозуу (малга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Токтоно албай Чынаача: / — Жүз элүү миң эл барсың, / Бириң калбай каптагын, / Алың келсе байлап ал, / Тоодой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жум…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →