токсон
- 90 саны, эсеби.
- Элдик календарь боюнча: кыш айлары (декабрь, январь, февраль).
- Түркүн-түркүн, ар башка, ар түрдүү, абдан көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Баары жөнөп калыптыр, / Ойуна муну алыптыр: / “Коргонду тартып алабыз, / Кордукту эми салабыз, / Кыргыздын элин кыйратып, / Кызыл уук кылабыз, / Ордону баккан токсон эр, / Бири миңге тең келер, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баары мыкты кеменгер, / Найзакерден ыктуу бар, / Балтага андес шыктуу бар, / Алтымыш киши бөлүнүп, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тил сүйлөбөс тел болгон, / Кулак укпас кер болгон, / Абакемди Көкмончок, / Буурул атка мингизип, / Күндүзү шумкар салдырып, / Илбээсинди алдырып, / Ушундайча турганы, / Үч ай токсон күн болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →