токоч

китептерде 28 жолу, 6 китепте
  1. Колдо жасалган нан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чайыңды бергин үч убак, / Этиңди бергин эки убак, / Күнү-түндүк тамагы, / Конокко бергин беш убак, / Дасторконуң жай болсун, / Чайга кошуп берериң, / Капакка салган бал болсун, / Каймакка бышкан нан болсун, / Куру токоч болбосун, / Мисте, мейиз, кант болсун, / Сүттөгөн чай, сары май, / Кеми жок болсун баарыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Санатын билбей дүйнөсүн, / Сасыган нечен бай өттү, / Күндүк токоч сурап жеп, / Күн кечирген дагы өттү, / Жүзүн көрбөй эл качкан, / Залым бааша жана өттү, / Өмүрүн эли тилеген, / Адыл нечен хан өттү, / Миңге чыгып кары өттү, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →