токол
- Мүйүз өспөгөн мал (мис., токол эчки, токол уй).
- Көп аялдуу кишинин 1-аялынан (байбичеден) кийинки аялдары.
- Барпайган, шоодураган бутак шактуу эмес, дүмүрөйгөн тукулураак.
- өт. Коргоочусу, таянычы жок киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Огуз хандан алты хан, / Чоң катындын балдары: / Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан; / Токолчонун балдары: / Тоо хан, Көк хан, Деңиз хан; / Чогулушуп баарысы, / Тураныдан чыктык, деп, / Түрк уулу деп атанган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Салбырдын көзү тунарып, / Шайы кетип калганын, / Анык билдик хан Калдык, / Ажыратпай тим койсо, / Өзөктөн канын жайарын, / Канык билди хан Калдык, / Салбыр токол болорун, / Таанып билди хан Калдык, / Алдынкы тааныш хандардан, / Калганы жок бир адам, / Кийинки жаңы хандардан, / Балбандан өлдү жыйырма адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тунук сулуу Айчүрөк, / Олжо кылып аламын, / Сени токол күң кылып, / Казанчы кылып саламын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →