токойлуу
- Токою бар, токою көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Өзөнүндө уйу көп, / Адырында койу көп, / Какырында төөсү көп, / Кургак сайда кулан көп, / Аралында марал көп, / Эңкүүсүндө элик көп, / Ээн жерде жейрен көп, / Токойлуу жерде бугу көп, / Муз төрүндө айуу көп, / Тектиринде теке көп, / Курбусунда кулжа көп, / Кумдай кийик мында көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтып баргын баатырга, / Мен Кара дөө сөздөрүм, / Сен көргөнсүң, токойум, / Тамчы суу жок чөлдөрүн, / Туйуктап койчу көлдөрүн, / Ат чалыкчу белдерин, / Жол табалбай калычу, / Түнт токойлуу черлерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →