токмокто

китептерде 23 жолу, 8 китепте
  1. Сабоо, уруу.
  2. Эгиндин данын, кызылын ажыратып алыш үчүн союл, токмок менен чапкылап уруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көз ачырбай токмоктоп, / Балта менен башка уруп, / Башындагы туулганын, / Төбөсүн ылдый жапшырып, / Каржилигин капшыра, / Койуп турат Бактыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…птаган, / Арта салып ийинге, / Ээрдин кесе тиштенип, / Эр Семетей киргенде, / Колтуктан өөдө кол жетпей, / Каптал кайсы, бел кайсы, / Томук кайсы, кол кайсы, / Токмоктоп ура бергенде, / Кызыл алп жаны кыйналып, / Кысталып турган кездерде, / Акым, Шакым эки дөө, / Жайнап аскер кол келди, / Сапка келип тизилди, / Чатырларын түшүр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ажыбай, Ырчы, Бозуул, / Бастырышып жанаша, / Баа-чаа топту караса, / Тоодой болгон Кошойду, / Көп калмак болуп топ-топ-топ, / Тийип чыгып токмоктоп, / Бүткөн бойун нан кылып, / Башын челек кан кылып, / Кара бойун дал кылып, / Кең дүйнөсүн тар кылып, / Кайран дөөнү кар кылып, / Тегеректеп алыптыр, / Бир кыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей энем торпокто, / Торпок эмес токмокто. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…кошо баргамын, / Чоң Ойрот болуп жарадар, / Моңгул-манжу турган журт, / Баарысы болуп санаадар, / Тирилдиби, өлдүбү, / Калдуубет аны карабай, / Барбаймын десем токмоктоп, / Уруп мени айабай, / Мин атыңды, баскын, деп, / Таласка барып неге сен, / Сомбилекке айттың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →