токмок

китептерде 39 жолу, 9 китепте
  1. Казык кагуу, бир нерсени катуу уруу ж.б. үчүн ылайыкталган жыгач балка, баш жагы уруюп же жоон болуп кеткен кабелтең союл жыгач.
  2. Оюн-тамашада чабуу, уруу үчүн колдонулуучу эшилген жоолук.
  3. өт. Бирөөдөн же бир нерседен жеген таяк, келтек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыгылганда калмактан, / Каптап кетип канча жан, / Эки топ боло калыптыр, / Музбурчак менен Кыргылды, / Ур токмокко алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карым казык болгунча, / Канчыкты кармап сойгунча, / Башым токмок болгунча, / Басташкандын баарынын, / Башын жутуп болгунча, / Атыңды багып аркаңан, / Ээрчип бирге жүрөйүн, / Ажал жетип күн бүтсө, / Жаныңда, баатыр, өлөйүн, / Атамдын кеги колума, / Тийгенин көзүм көрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кетирип тарпын күч кылып, / Таамайлап урса токмокту, / Талаада малды козголтту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Ур токмогуң эмне? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →