ток1
- Тойгон, өзүнүн ачкалык сезимин толук канагаттандырган, ачка эмес.
- Оокаты мол, оокаттуу, турмушу жакшы, көңүлү куунак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саламатты бузбасам, / Карайт беле Кененим, / Талана бар менде деп, / Көңүлүм ток жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп олтуруп, / Алтын ээрин калмакча, / Атка чыңдап токунуп: / “Кара кыргыз уруугу, / Кан ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айакта киши жок болсо, / Ал учун көөнүм ток болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →