той2
- Тамактанып, азыктанып ачкалыгын басуу, кардын тойгузуу, канааттанганча тамактануу, жеп-ичүү.
- Бир нерседен же бирөөдөн жадоо, аша кечүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылбаса ал чогоолдук, / Таласка киши бастырбай, / Тойгузбай туруп кыргызга, / Хотен, Жерген, Кашкарды, / Турпан, Комул буларды, / Лопнур, Азык аларды, / Өзүбекти жоготуп, / Биз кылмакпыз каранды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыңк эткен бенде болбоду, / Бакай айткан болгону, / Эшикке чыгып Керменбай, / Элге угузуп койгону, / Эки күнү той болду, / Күн саны үчкө жеткенде, / Канчорого ой болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →