тозок

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. дин. Өлгөн адамдардын, күнөөлүүлөрүнүн жаны түбөлүк кыйноого алынуучу жай.
  2. өт. Кыйноо, азап, кыйынчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Чигитей эп сүйлөйт, / Тозогун тартып Торгойдун, / Туйунар бекен, деп сүйлөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айтумуштун жагынан, / Бир атчан чыкты акырып, / Айтумуштап чакырып, / Дегеле катуу келатат, / Тозогун көккө сапырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бейиш жакшы жай экен, / Ал бейиштин ичинде, / Мусулман адам бар экен; / Тозок жаман жай экен, / Көрүнгөн ал тозокту, / Түгөл капыр бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Пайгамбар ак диним ак, / Бейжинде калган алтын так, / Мелтиреген тозоктон, / Бойуңду азат кылам деп, / Качып келген ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →