тоз1
- Кузгундап, муздан ашып кеткен суу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көргөнү жок үн укту, / Кара бойун чыйратса, / Чигитейден сүр чыкты, / Качырып тийген Отордун, / Каары менен найзасы, / Кара ташка батычу, / Кумдай тозуп жатычу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…зөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн чыкты, / Жер жарылып суу чыкты, / “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, / Турбай, балам, тебирен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир чапканда тоздурган, / Ким көргөн мындай баатырды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →