тогош
- Беттешүү, кездешүү, тоорушуу, кармашуу, кагышуу.
- Тогоол абалына келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ктан болот биздин жик: / — Өзүмдүн атым Солалы, / Эркелетип кийинче, / Сошойа, деп ат койду, / Талашканым жер болду, / Таалайым андан кем болду, / Атышып чыгып тогоштум, / Коңурбайга жолгоштум, / Жалгыздыктын айынан, / Жалтаарып чыккан жолборсмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын шайдоот эрлери, / Жабыла атка минди эми, / Айкөлүңдүн алтын туу, / Айланасы чачылуу, / Асмандата желпинтип, / Азаматтары элирип, / Күүлөнүп турган аттарын, / Ого бетер теминип, / Тогошо турган майданга, / Топ болушту жардана, / Тууну кармап турган кез, / Абаң Бакай карыйа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бели арка мекчейип, / Эки көзүн карасаң, / Тышына чыгып чекчейип, / Томоро сайып кетчүдөй, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кыпкызыл болуп кан агып, / Өлгөнгө жакын эки зор, / Намыстан жаны карарып, / Алгараны камчылап, / Атырылды алактап, / Эки буту салактап, / Айкөл Манас тогошту, / Алдынан тосо шарактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элемандын эр Төштүк, / Кедендин уулу Жолойду, / Келе жатып жоготту, / Аралап кирип топ элге, / Жан айабай тогошту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тороп алдын тогошор, / Толтойдо эми каруу жок, / Эрен Гүлүс Толтойдун, / Эрдигине салды от.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →