тоголот
- Тоголонуп кеткидей кыймылга келтирүү, кулатып, ала салдырып, көмөлөтүп жиберүү.
- өт. Кулатуу, жыгуу, жок кылуу, ойрондоо, талкалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каладан чыкты талаага, / “Качып берсем кубар, — деп, / Каптап келген көпчүлүк, / Бир айланы кылар” — деп, / Тулку бойу оштонуп, / Токтоно калып дыр койуп, / Тосо келген немесин, / Тоголотуп, жоготуп, / Топурак менен тең кылып, / Сыргакка алы келбеди, / Токтошуп бары дем кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Аты эчен тайылып, / Ойдуңга калса тушугуп, / Жыгылчудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Адам тепсеп турган жер, / Жалтыраган муз болду, / Үч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толкуну күч эр Сыргак, / Түрү суук бул башты, / Топтой тээп тоголот, / Элиңен эч ким көрбөсүн, / Элөөсүз жерге бат жогот!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кармаарга атын киши жок, / Музбурчак менен иши жок, / Картайып калган чалыңды, / Тоголотуп жыгышып, / Коп деп жака сыгышып, / Камчы менен чабышып, / Жаагына тамга салышып, / Жаактын канын агызып, / Жалгыз калган Музбурчак, / Жанын кыйнап калмактар, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчтүү найза сомдуруп, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Күүсү кулак тундуруп, / Тоголотом деп келет, / Томуктай болгон баланы, / Найза менен бир уруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →