тоголон
- Бир нерсенин үстү менен өз огунда айлана жылуу (шар формасындагы нерселер жөнүндө), тегеренип, ала салып кулап же көмөлөнүп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Калдык келип караса, / Тоголонуп эр жатат, / Тоодой кулап пил жатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ди көпчүлүк, / Аралап кирип барганы, / Чынарды булгап имерди, / Бир миң сексен кишини, / Ал дүйнөгө жиберди, / Чынарды күүлөп алганда, / Күүсү менен эчен ат, / Тоголонуп жыгылып, / Үстүндөгү кишинин, / Топого башы тыгылып, / Эңиш жерге киргени, / Басырык болуп кырылып, / Жайнай качып көпчүлүк, / Жабыла жөнөп калганы, / Майторуг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрө салып Конушбай, / Оозуна Манас кире албай, / Семетейлеп бакырып, / Канкордун атын чакырып, / Коркуп атта турбады, / Тоголонуп кулады, / Конушбай үнү чыкканда, / Мойнун буруп карады: / “Ээрчип жүргөн Конушбай, / Өлүп кетсе кокустан, / Жаман атты болом” деп, / Өз ойунда санады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоголонуп тоңкойуп, / Жаткан манжу кырк тогуз, / Каптап кетти Манжулар, / Бактыбайга ат койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Куйругу тийди кумайык, / Тору атынын үстүнөн, / Тоголонду куланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →