тоголок

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Шар формасында болгон, шарга окшогон.
  2. Жапалдаш келген чарчы бойлуу, бою жапыз келген борсогой, болук, чарчы бойлуу семиз.
  3. Чай, кант, картошка сыяктуу бир катар нерселердин айрым даанасы, кесеги.
  4. сүйл. Миң сом.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оңойлук менен адамга, / Оморулар бел эмес, / Томтолото чабуучу, / Тоголок дөбө деги эмес, / Жер белгилеп алалы, / Күн болжошуп алалы, / Болжогон күндөн ашпастан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоголок таштан кылдаткын, / Эшигимдин алдына, / Алтымыш батман жыйнаткын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кудайдын көргөн кубатын, / Каныкейдин ак сүтү, / Экөөнү тең кандырат, / Дарбыздай эмчек тоголок, / Эми калды салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найзамдын көрсөң учу жок, / Темири жок тоголок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →