тобурчак1
- Сырты кабырчык менен капталган, сүйрүсүнөн келген карагайдын уругу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атын санга салыптыр, / Мингени тору тобурчак, / Шамалдай чуркап алыптыр, / Майтору менен жол тосуп, / Асыл шер тура калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…гишип эр өлсө, / Деги эле жакшы эмес, — деп, / Кулдан он миң десең да, / Каңгайдын эли берет, — деп, / Кыздан кырк миң десең да, / Көп эмес эби келет, — деп, / Тобурчак, чалыш, аргымак – / Жылкынын нечен түрү бар, / Айры өркөч туйук нар – / Төөдөн чыккан пили бар, / Куру эмес келген тартуу мал, / Үстүндө арткан жүгү бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карманып Татан каарданып, / Бой чайандай заар салып, / Мингени тору Тобурчак, / Колуна чокмор карманып, / Булгаган самын кептенип, / Бузулуп өңү карарып, / Канасың, Татан баатыр, деп, / Куткарбас айтып койгонго, / Доңуздан бетер жон алып, / Беттеп басты Сейитти, / Кармашмак болуп кол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туйактары чарадай, / Тобурчак жатат көп жайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ачык жерге чыкканда, / Карышкыр келет кабышып, / Тобу менен жарышып, / Тобурчак, сени жеп кетет, / Томуктай койбой талашып, / Душманды кантип жеңе алат, / Эр Сомбилек жөө басып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →