тобокел

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Мейли, эмне болсо да көрөлү деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Андан мурун Чигитей, / Каңкай менен Таластын, / Башы-айагын калтырбай, / Баарын тегиз көрбөгөн, / Тобокел кылып бел байлап, / Токтобой эми жөнөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көп экен деп чочулап, / Карап турбай жалдырап: / “Ажалым жетсе өлдүм, — деп, / Азабым болсо көрдүм, — деп, / Ата да бир, эне бир, / Аркамда иним Сыргакты, / Эми бир көрүп өлсөм” — деп, / Тобокел кылып бел байлап, / Өрттөй болуп көз жайнап, / Куу казык менен эр Серек, / Топко кирди аралап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тобокел кылса бел байлап, / Тоону бузар шер — деген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Башына кандай каран күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр, тобокелчил неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн", – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →