тиштеш

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Бирин-бири тиштөө, бирин-бири тиштеп алышуу, чайнашуу, кармашуу (мис. айгырлар).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…шуп, / Кылычты кындан суурушуп, / Жан кыйнашып урушуп, / Олпокторун булушуп, / Үзүп-жулкуп жыртышып, / Үзүлгөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Антип сурап турду эле, / Бирин-бири тиктешип, / Үстүнкү кашын серпишип, / Астыртан ээрин тиштешип, / Сыр бербейли шүк дешип, / Байлап алып кетели, / Камынгыла жүр дешип, / Кол сала албай качырып, / Апкаарышып сүрдөшүп, / Сен бирдеме дегин, деп, / Баш кишини… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ок тиштешмей анты көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн Саламат, / Бу дүйнө тургай о дүйнө, / Бузулушпай жүрүүгө, / Ок тиштешип антташып, / Кол тартышып достошуп, / Жанаша бирге бастырып, / Топону көккө сапырып, / Карап турган Куйалы, / Дарбазасын ачтырып, / Алып келип түшүрүп, / Мейманды калды күтүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккойондун үстүнө, / Ага кошуп малымды ал, / Ок тиштешип антташкан, / Осол Толтой антыңды ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →