тиштен

китептерде 47 жолу, 6 китепте
  1. Тиштерин бек бири-бирине бекем такап кысуу, үстүңкү тиштери менен астыңкы эрдин кыса тиштөө.
  2. өт. Ачуусун тыйып кармануу, чыдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калмактын эли сандалып, / Сан кара болуп жыйналып, / Чогулушуп болгунча, / Бир аралап барайын” / Дегенди алып ойуна, / Карарып жаткан кошуунга, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кара жанган күч келип, / Кайраты артык Асыл эр, / Эңиш тартып жөнөдү, / Асыл келет жол менен, / Алда канча ой менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оозунан көбүк чачылып, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Мурдунан чыккан көк буусу, / Кол ыштыктай буркурап, / Оозун ачып эстенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Башынан калмак сологой, / Балта чабат оң колдой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбалтанын Чубагы, / Жаалысы келип тиштенип, / Жан айабай бу дагы, / Булгап найза кармады, / Солокеге жакындап, / Каршыласа калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нөн жалын от жайнап, / Каарданып түңүлгүр, / Билегине күч жыйнап, / Найзамды тартып алам, деп, / Найзамды берип Сейитке, / Кантип болом, адам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тизеге чокмор чабылды, / Томугу канча жарылды, / Элебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу, / Жалгыз менмин дегенге) / Найзанын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →