тиштем

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Тамак-аштын бир тиштеп оозго салынган бөлүгү, ушундай бөлүккө туура келген ченем.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал бир тиштем эт берди, / Этти мындай деп берди: / — Атама барып мен келдим, / Душмандын шаарын кошо алып, / Атама такта ээлеттим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эсине түшүп Чыйырды: / — Менин эчтемеден кемим жок, / Сенин жер бетинде малың көп, / Баарысын сойуп берсең да, / Бир тиштем этин жегим жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төрт айагы башынан, / Андан башка этинен, / Бир тиштем да ашпаган, / Алып келип экөөнө, / Бир неменин этин бүт тарткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капа-дүпө Канчоро, / Чачыкей алды шашылып, / Жети бээ сойуп, кой берип, / Бир тиштем эт жебеди, / Ачыгын уккан эл келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…нып: / — Бүгүнкү күнү майданда, / Ким жыгылат, ким жыгат, / Билгели болбойт белгилеп, / Сайып алсам Сомбилек, / Сапырылып келгиле, / Эти менен сөөктөрүн, / Бир тиштемден жегиле, / Көзүн чукуп ойгула, / Ордуна арак куйгула, / Кош колдоп келип сунгула, / Мээсин чагып алгыла, / Ойроттун муңдуу айалы, / Ага алып баргыла, / Калдуубе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →