тиште
- Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү.
- Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү.
- Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо.
- Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү.
- Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чойун алптын Кара сур, / Айбандын ишин карап тур, / Чойун алпты жакадан, / Тиштеп тартып коборуп, / Эки колу бүгүлүп, / Туура тартып оңолуп, / Жармашып минип сур атка, / Качты капыр чу койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капаланып кыжырдап, / Тиштесе тиши кычырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →