титирек
- Титиреген абал, калтырак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуулары кыйчылдап, / Тура албай калды Көкбөрү, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ри жүгүрүп, / Жаны калбай дүүлдөп, / Найзанын үнү угулуп, / Бастырганда Бадырек, / Чагылган күндөй күркүрөп, / Өскөн жыгач, чыккан чөп, / Айбатынан дүрүлдөп, / Титирек кирип жаткан жер, / Токтоно албай сүлкүлдөп, / Кумдун баары шыбырап, / Тоолор коркуп бүлкүлдөп, / Атаңа наалат Калыбек, / Айбаттуу келет кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…йып, / Кылыч менен баш алып, / Айбалта менен тең жарып, / Айбаттанып, шаңданып, / Атактуулар туш келсе, / Каңгайдын колу апкаарып, / Тим эле туруп күч келип, / Титирек кирип калтаарып, / Айкөл Манас баштаган, / Айбаттуу Чубак, Сыргактан, / Көргөндүн баары жалтанып, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Кырып жойуп бараткан, / Айдарк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну угуп чогулган, / Чойтолоңдун чоңдору, / Бөлүндү санга ойлору, / Карап туруп дени өлүп, / Титирек басып бойлору, / Селкинчек тээп токтобой, / Кармалбай калды колдору.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баатырдын таанып желегин, / Балаа баскан Керимбай, / Титирек кирип бойуна, / Менменсиген неменин, / Коркунуч кирди ойуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →