титире

китептерде 31 жолу, 9 китепте
  1. Майда калтырак басуу, дирилдөө.
  2. өт. Толкунданып, тынчтана албай туруу.
  3. Ачуусу келип калчылдоо, кыжыры кайнап титиреңдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мөңкөтай көзүн ачкынча, / Медеркан кирди аңгыча, / Медерканды бир карап, / Мелтилдеп көзү жалжылдап, / Баштагыдан беш бетер, / Титиреди калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кепти угуп Кызыл алп, / Жан жагына козголсо, / Кабыргасы кычырап, / Эңкейип алдын караса, / Кызыл канга жуурулуп, / Топурак ылай былчылдап, / Токтоно албай Кызыл алп, / Титиреп кирген кылчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп доңуз жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Арстандыгы чын экен, / Айкөл Манас шериңдин, / Титиреткен кылымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Картыкени байлады, / Талга асып салганы, / Карандай докко капташып, / Титиреп турат калганы, / Муну койо туралы, / Сейиттен кепти угалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Укмуштарды угуп отурсаң жүрөгүң титирейт! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →