тирүүлөй
- Тирүү бойдон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Намыс кылып келбесе, / Тоңуп өлөт чакыйып, / Тирүүлөй тартсын азапты, / Ачкалыктан акыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөйүн, / Кыйын болсо өлөрмүн, / Казабына көнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Сейитимден айрылсак, / Желмогуз келип сойот, — деп, / Тирүүлөй канды сорот” — деп, / Сейитим бар деп айтпаган, / Он эки миң кол менен, / Чойтолоң барды аркадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тирүүлөй жеймин тим эле, / Сөзүңөн чыкса бир жалган!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →