тирүүлүк
- Тирүү жүргөн абал, тиричилик шарт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрбөй өлсөм экен, деп, / Тирүүлүктөн бек жакын, / Көрүп турат өлүмдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Санаасы санга бөлүнүп, / Тирүүлүктөн өлүмү, / Карыш жакын көрүнүп: / “Кененимди угушта, / Кең пейил деп угамын, / Пейли мага кең болбойт, / Саламатты бузганым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тойгузат сени акыры, / Тирүүлүктө бул күнгө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →