тирүү

китептерде 631 жолу, 10 китепте
  1. Өлбөгөн, жандуу, жаны бар.
  2. Сак-саламат, соо, аман-эсен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…сон, / Ортосунда турчу эле, / Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →