тирсек

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Согончоктон башталган жоон тарамыш.
  2. Көздүн сурмасына чыгуучу ысык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тирсегинен аскыла, / Талкуу менен баскыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кеңеш билчү бийлерин, / Кептин жайын билгенин, / Келтирип баарын Чынаача: / — Кекейтип күлүк минейин, / Кечикпей эми кирейин, / Кабылан жерде кыргыздын, / Кара боорун тилейин, / Тизмегин бузбай келгенин, / Тирсегинен илейин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таластык жаткын үйүңдө, / Талаага чыкпа дегеле, / Тирсегиңен шиш менен, / Талга илем жөн эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Учурасам кай жерде, / Чүрөк, сенден кечпесем, / Тирсегиңен тешпесем, / Кыйаз атым курусун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →