тирмий

китептерде 1 жолу
  1. Бир нерседен көзүн албай кароо, көз ирмебей тиктөө, көңүл коюп иштөө.
  2. Мелтирөө, мостоюу.
  3. өт. Ашкере сак, сары эсеп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →