тирке

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Чиркештирүү, илиштирүү.
  2. Каттоо, жазып коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азуулуу менен тиркешип, / Аа дүйнө жүзүн табайын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жолборстук сыны тарады, / Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраттанып кагыштым, / Качырып найза салыштым, / Колтугумду чойуштум, / Чокморлошуп койуштум, / Кабагымды бүркөштүм, / Каар чачып тиркештим, / Кылычты кындай сууруштум, / Кыйын жаман уруштум, / Каар көрсөттүм Сейитке, / Кара ташты талкалап, / Качкандыр деп кайраты, / Карап көрдүм мен байкап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →