тирил
- Тирүү абалга келүү, кайрадан жан кирүү.
- Жандануу, оңолуу, эси оогон, алсыраган абалдан чыгуу, соо болуу.
- өт. Жандануу, кыймылга кирүү, кызый баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүлүп калды бар сыры, / Баш көтөрсө Жедигер, / Башын булгап көөн буруп, / Тирилип көнгөн эл экен, / Шоорукту сойуп нетели, / Үч бөлүнүп жүрбөйлү, / Атайы келдик Таласка, / Бир беттеше кетели, / Келбей чама баратса, / Биз кептеше кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оодарып жерден алышып, / Олпоктон орун салышып, / Эми кантер экен деп, / Оозуна суудан тамызып, / Эки ирмеп, үч ирмеп, / Кылт дегени билинип, / Бир челекче суу ичип, / Көзүн ачты тирилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тирилип басып жургөнүн, / Көрүп турган киши жок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Жашырбай айтсам чынымды, / Атын токуп Калдуубет, / Барганда кошо баргамын, / Чоң Ойрот болуп жарадар, / Моңгул-манжу турган журт, / Баарысы болуп санаадар, / Тирилдиби, өлдүбү, / Калдуубет аны карабай, / Барбаймын десем токмоктоп, / Уруп мени айабай, / Мин атыңды, баскын, деп, / Таласка барып неге сен, / Сомбилекке айттың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала карай салса, ал жигит баягы өзү тирилтип алган досу экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →