тирик1
- аңч. Куш, бүркүт таптаганда тирүүлөй көзүнө көрсөтүп, этин берүүчү чымчык, таан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз өлсө урушта, / Көз көрбөсө тиригин, / Ачык кабар уга алса, / Башкадан бирөө хан болсо, / Элдин көөнү жай болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айландыра караса, / Бир бешик турат жабылуу, / Ал бешиктин ичинде, / Өлүгү менен тириги, / Дем алганы билинбей, / Бир сулуу кыз таңылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тиригиңден өмүрүң, / Көрүнүп көзгө тургандыр?- / Деп ошентип турганда, / Абаң Кошой айтты анда: / — Сен коркутуп, мен коркуп, / Качандан бери эр болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тирик жанга бок дүйнө, / Аркан-жипсиз байланта, / Дүйнөгө элиң байланат, / Колуңан кетип өнөгүң, / Тунарып башың айланат, / Өңүнөн азып тууганың, / Кышкы чөптөй саргарат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өлүгүнө өк болгон, / Тиригине тик турган, / Эр Төштүк айкөл Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →