тирек

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Тирөөч.
  2. өт. Колдой турган таяныч, бел кыла турган ишенич.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гитейге Мадыбек, / Билген кебин айтыптыр: / — Оо, Чигитей кулунум, / Баатырдан калган белегим, / Сайаасы салкын терегим, / Атыңды уксам көөнүм кош, / Алатоодой тирегим, / Ар бир күндө үч убак, / Амандык тилеп жүрөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атың Сейит болгондо, / Кененим шердин уулусуң, / Ак калпак кыргыз туурусуң, / Атагы алаш элинин, / Арка тирек муунусуң, / Атыңды угуп, Сейитим, / Жазылды эми курушум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түпкү төркүн ээси — деп, / Букардагы Ысмайыл, / Түпкү тирек сенсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →