тинте

китептерде 24 жолу, 5 китепте
  1. Бычак, канжардын бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катын Көкөй каарданып, / Каарын төгүп бетине, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / Жалгыз кызым Көкөй, деп, / Алтымыш тай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
үн чыгып, / Токойдун ичи жаңырык, / Асманда жал шыркырап, / Жыгач кыйрап кычырап, / Жердин бетин өрт алды, / Эсине түшүп ошондо, / Айчүрөк берген белеги, / Ак тинтени колго алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уруштуу күнү аттарга, / Куйрук менен май берип, / Сары арпаны түктөтүп, / Балтыр атка жүктөтүп, / Ала жүрчү адаты, / Жой болотун, тинтесин, / Бүкмөсүнөн бүктөтүп, / Арттырып төөгө жүктөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баласы кучак боорунда, / Тинтеси жалаң колунда, / Айласы кетип жеңеңдин, / Алтымыш акыл ойунда, / Кыйаз айтат ушунда: / — Келе Чүрөк баламды, / Алаканга салайын, / Айлантып элге көрсөтүп, / Ак батасын алайын, / Кандай атты койушат, / Элден сурап багайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →