тилчи

китептерде 3 жолу
  1. Тил илими боюнча адис.
  2. эск. Кабарчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакын келди бир киши, / Жанында бар тилчиси - / Кытайдын тилин билчүсү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анык кылып бекитти, / Ажыбайды тилчи деп, / Сүйлөшөөр болсо Эсенхан, / Он күндөн калбай келсин деп, / Ханыбыз биздин зор Бакай, / Каканчын муну билсин, деп, / Колуна элчи кат берди, / Эми баарың кайт, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →